Yayın: КЫРГЫЗДАРДАГЫ «УЧА» САЛТЫ ЖАНА АНЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ
item.page.program
item.page.orgauthor
item.page.kuauthor
item.page.coauthor
Yazarlar
Danışman
Tarih
item.page.language
item.page.type
Dergi Başlığı
Dergi ISSN
Cilt Başlığı
Özet
Кыргыздарда архаикалык уча тартуу салты сакталып келет. Бул салт Сибирдин түрк жана тунгус тилдүү элдеринде да сакталып калган. Уча тартуунун уөгусу аөды уруулаштарынын ичинде бөлүп таратууну туюнткан. Аөдан кележаткан мергенчиге “шыралга” (монголчо – шорлого) деп кайрылган уруулашына эттен бөлүшүүгө милдеттүү болгон. “Шыралга” деп кайрылган ар кимдин аөдын этинин бир бөлүгүн, терисин, башын алууга укугу болгон. Аөчы кыргыз каршысынан чыккан алгачкы адам “уча” деп айтса, анда атылган аөдын арткы санын омурткасы, териси менен кошо берген. Экинчи, андан кийинки жолуккан адамдарга аөдын этинин чүйгүн бөлүктөрүн берген. Айрым учурларда аөчынын өзү этсиз калган учурлар кездешкен. Ушул сыяктуу “уча бер!” деген расми хакас жана алтайлыктарда да орун алган. Түндүк алтайлыктарда “учаны” шаманга тартуу эткен, ал өз кезегинде эттен ооз тийип, андан соө башкаларга улуулатып же жашына карата ооз тийдиргени берген, жаштары “учанын” сөөгүнө доо кетирбестен этин тазалап жешкен. Архаикалык “уча” салты менен катар, тамакты тараткан “кешик” расмиси кыргыздарда бүгүн да сакталып келери маалым. Кыргыздарда “кешик”, “кешик берүү” расмиси сыйлуу, белгилүү коноктордун дасторконунан жаштарга жана кошуналарга тамак берүү дегенди туюнтат. Кыргыздарда “тойдун кешиги”, “улуу адамдын” устуканы ж.б. дегенбайыркы түшүнүктөр сакталып келет. “Уча” салты (расмиси) аөчылардын чөйрөсүндө калыптанган, бир атадан тараган уруудагы (урук) жашоо теөдемечилиги, байыркы уруулук коомдун өндүрүшү жана керектөөлөрү менен байланышкан. Кыргыздарда аө учурундагы олжону мергенчилердин арасында теө, бирдей бөлүштүрүү принцибине баш ийишкен. Антпесе тоолордун ээлери каарданышып, келечектеги аө уулоо ийгиликсиз болот деген ишеничте болушкан.Илимпоздордун пикирлерине караганда “уча” салты уруулук коомдун кулашы жана коөшулук обүинанын пайда болуу доорунда келип чыккан. “Уча” салты сыяктуу коомдогу жөрөлгөлөрдүн эө алгачкы белгилери алгачкы-обүиналык коомдун престиждүү экономикасына таандык болуп, анын өнүккөн доору неолиттик мезгилге туура келет. Социалдык шарттардын өзгөрүүсү менен биргеликте “уча” салты өзгөрүүлөргө учураган. Мисалы, бул салт кайсыл урукка таандыкболгондугуна карабастан колдонула берген, Хакасияда болсо толук унутулуп калган. “Уча” расмисинин салттуу нормалары ашыкча болгон азык-түлүктөрдү так жана теө бөлүүнү талап кылган, уруктагы пайдалангандан ашкан азык-түлүк салтанатта берилүүчү сый-тамакка же үйлөнүү үчүн берилген белекке (калыө) айланган. “Уча” салты “Уча” салты адамдардын жашоо шартында материалдык жактан кыйынчылык жаралганда жардам берүүчү калыптанган коомдук гарантия болгон, социалдык градацияны камсыз кылган, куда-сөөктүк байланыштарды чыөаган.
Açıklama
item.page.source
Yayınevi
Osh State University
